Каракол зоопаркында Пржевальский жылкысы кулундады

Каракол зоопаркында Пржевальский жылкысы кулундады

Апалар күнүндө Каракол шаарындагы зоопаркта Пржевальскийдин жылкысы кулундады. Бул туурасында зоопарк директору Салтанат Сеитова April.kg порталына билдирди.

Жаңы тууган бээ  кызматкерлерди кулунуна жакындатпай жаткандыктан, бул  азырынча жападан-жалгыз сүрөтү экенин билдиришет зоопарк администрациясы.

Кулунга азырынча ысым ыйгарыла элек. Зоопарк башчысы  кулундун телчигип, тыңып кетишин күтүп жаткандыктарын, балким, кийинчерээк, ат тандашууга конкурс жарыялоо ойлору бар экенин билдирди. 

Айта кетсек, жапайы жылкылардын  бул түрүн азыр дүйнө боюнча зоопарктардан эле кездештирүүгө болот. Аны 1879-жылы Кытайдын батышындагы Лоп-Нор көлүнүн айланасынан орус саякатчысы Николай Пржевальский таап, ачкан. 

Пржевальский жылкысынын өңү жээрде, жалы кыска болот.