18.10.2018 16:09

Караколдук айдоочулар 9 айда 7,2 млн сом айыпка жыгылышты

Караколдук айдоочулар 9 айда 7,2 млн сом айыпка жыгылышты

Караколдо 9 айдын ичинде жол кырсыгынан 47 адам жабыркап, 7 адам каза тапты, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында шаарда 31 жол кырсыгы болгон. Бул былтыркы 2017-жылдын 9 айына салыштырмалуу 18ге аз.

Жашы жете электер катышкан 9 авария катталып, андан 9 бала жаракат алып, 2 бала каза тапкан . 

30 учурда авария айдоочулардын айынан болгон, 7 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыктан кырсыкка кабылган. 

Андан сырткары, 9 айдын ичинде ЖККК инспекторлору жол эрежесин бузгандарга карата 4 миң 300 протокол түзүп,  айып пулдун жалпы суммасы 7 миллион 247 миң 399 сомду түздү.