15.08.2018 11:46

Кара-Кулжада күйдүргүгө шектелгендер бул илдетке чалдыккан уйдун этин жешкен

Кара-Кулжада күйдүргүгө шектелгендер бул илдетке чалдыккан уйдун этин жешкен

Кара-Кулжа районунда 12 адам күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу April.kg порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, алардын баары Калматай жана Кыз-Мазар айылынын тургундары. Алар тамакка күйдүргү менен ооруган уйдун этин колдонушкан. Уй Алтын-Күрөк айылында союлган. 

«Учурда ооруканага жаткырылган адамдарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Так диагноз азырынча коюла элек. Жабыркагандардан лабораториялык анализдер алынды. Бейтаптар эки жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», -деп билдиришти министрликтен.