16.11.2018 11:00

Карамушкина Өмүркуловго: Фракциянын отурумун алып барып жатканыңыз -мыйзамсыз

Карамушкина Өмүркуловго: Фракциянын отурумун алып барып жатканыңыз -мыйзамсыз

«КСДП фракциясынын лидери партиянын саясий кеңешинин чечимин үзгүлтүккө учуратып жатат», — деп билдирди бүгүн фракция отурумунда депутат Ирина Карамушкина. 

Депутат Иса Өмүркуловго кайрылып, отурумдун күн тартибине КСДПнын саясий кеңешинин Өмүркуловдун партиянын катарынан чыгарылышы тууралуу чечимин киргизүүнү өтүнгөн. Бирок, фракиця лидери керектүү документтердин жоктугуна шылтоолоп, баш тарткан.

«Мен сизден бул маселени күн тартибине коюу өтүнүчү камтылган кат алдым. Бул боюнча кат түрүндө жооп бергем. Анда отурумдун протоколунун көчүрмөсүн, катышкан адамдардын санын жана ишеним каттарды көрсөтүүнү сурагам. Мен азырынча аларды ала элекмин», — деди Иса Өмүркулов.

Буга Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын лидери саясий кеңештин отурумуна келгенде, баарын угуп-билмектигин айтты. 

«Сизде ишеним каттардан башкасынын баары бар. Саясий кеңештин чечимин саботаж кылып жатасыз. Эгер чечимге макул болбосоңуз, сотко кайрылыңыз. Саясий кеңештегилер тартип бузууга барбай турганын сиз мыкты билесиз. Ишеним каттар бизде бар. Сиз саясий кеңештин отурумуна катышып, ошол жерден өз оюңузду айтышыңыз керек болчу. Бирок, атайылап келбей койдуңуз. Азыр фракциянын отурумун алып барып жатканыңыз -мыйзамсыз. Сиз партиянын мүчөсү эмессиз. Биз КСДПнын мүчөлөрүнүн арасынан башка лидер шайлашыбыз керек. Атайылап келбей коюп, эми келекелейсиз да», — деп нааразы болду Ирина Карамушкина.

Буга Иса Өмүркулов кворум болгон жок деген күмөнү бар экенин билдирди. Жыйынтыгында, фракция лидери отурумда бул маселени кароону добушка коюп, көпчүлүк депутаттар каршы болушту. Каршылык иретинде Ирина Карамушкина фракция отурумунан чыгып кетти.