16.05.2018 09:46
Кара-Суу районунда чыккан өрттөн 200 чарчы метр жер күйгөн
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында өрт чыгып, соода түйүнү, чайхана жана турак жай күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө кечээ кечки саат 21:00 чамасында түшкөн.
«Кырсык болгон жерде 5 өрт өчүрүүчү топ иш алып барып, жалынды толук өчүрүүгө 3 саатка жакын убакыт жумшалды. Чайхананын 40 чарчы метр аянты, үй менен магазиндин жалпы 136 чарчы метр аянты күйүп кетти», — деп билдиришти ӨКМден.
Өрт кырсыгы соода түйүндөрүнөн чыгып, жанаша жайгашкан чайканага өткөн.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: