16.03.2018 11:41

«Караван» соода борбору менчиктештирилет

«Караван» соода борбору менчиктештирилет

Мурунку Бишкек мэри Нариман Түлеевге таандык  «Караван» соода борбору менчиктештирилет. Бул тууралуу  парламент жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

«Караван» менчиктештириле турган объектилердин тизмесине кирген. Ал эми, «Ак-Кеме»  мейманканасы боюнча дагы деле сот иштери жүрүүдө»,- деди төрага.

Соода борборун 2017-жылдын апрелинде мамлекеттин менчигине өткөрүшкөн. Ал эми, Нариман Түлеев “коррупция” беренеси менен камакка алынган. Анын бардык мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн.