30.08.2018 15:25

Караңгылатылган айнектер. Азиз Суракматовго айып пул салынды

Караңгылатылган айнектер. Азиз Суракматовго айып пул салынды

Калаа мэри Азиз Суракматовдун унаасынан айнектерин күңүрттөгөн жабуу сыйрылып, айдоочусу Аслан Бутешов айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул туурасында ЖКККББ маалымат кызматынан билдиришти.

Мэр өзү Акипресске берген комментарийинде, айдоочунун кызматынан пайдаланаарын мойнуна алып, бирок унаанын алдыңкы айнектери күңүрт экенин байкабаганын билдирген.

«Мен айнектердин караңгылатылганын байкабаптырмын. Азыр тактап көрүп, эегр мыйзам бузуулар бар болсо, алып таштайбыз», -деди мэр.

Өкмөт 2016-жылдын 30-июнунда №363 токтомунун негизинде автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.

3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.

4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык транспорттук каражаттар гана күңүрттөлгөн терезе менен жүрө алышат. 

КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, караңгылатуу үчүн чапталган пленкаларды сыйрып таштоо менен айдоочуга 2 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Айнектери караңгылатылган унаалар кармалса дароо сыйрылат, ага көнбөгөн айдоочунун унаасы атайын айып жайга токтотулат.