30.05.2018 18:15

Карьердеги ишкер: Жөн жерден "бачабаз" деп жаманатты болдум

Бишкектин 11-чи кичи районундагы карьерди селсаяктар менен бачабаздар каптап кетиптир деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу шаардык тартип сакчылары билдиришти. Биздин чыгармачылык топ абалдын чоо жайын такташтыруу үчүн жерине барганда күтүлбөгөн көрүнүшкө күбө болушту. Шаарда жашаган үй-бүлөлүү жигит аталган карьерге таштандыларды ылгоочу жай ачыптыр. Ал топтогон буюм тайымдарды кайра иштетүүчү мекемелерге тапшырып, жакшы киреше табат экен. Бирок, аны жергиликтүү тургундар жай жерден бачабазга айлантып, айрым интернет булактары такталбаган маалыматтарды таратышып, жай тургунду каралап жатышыптыр.