14.05.2018 15:15

Каржы полициясы ири өлчөмдөгү салыкты төкпөй жүргөн ишкананы аныктады

Каржы полициясы ири өлчөмдөгү салыкты төкпөй жүргөн ишкананы  аныктады

Бишкек шаарындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгы мамлекет казынасына келтирилген 1 миллион 396 миң 999 сом зыяндын ордун толуктады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта, каржы полициясынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, "Р.Г." жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качкан фактысын аныктаганы айтылат.

Салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн материалдар Биринчи май райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына жөнөтүлүп, анын натыйжасында 1 миллион сомдон ашык суммадагы салык эсептелген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1 млн 396 миң 999 сом мамлекет казынасына  төгүлдү.