27.04.2018 10:24

Каржы полициясы ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөй жүргөн ишкерди аныктады

Каржы полициясы ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөй жүргөн ишкерди аныктады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы мамлекетке ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качып жүргөн ишкерди аныктады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Каржы полициясынын кызматкерлери  салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө чараларынын учурунда  2017-жылдын январынан тартып, декабрына чейин 1 миллион сомдон ашык салыктарды жана төлөмдөрдү төлөбөй жүргөн «Т» ЖЧКсын аныктады.

Аталган факт боюнча 213-берененин 2-бөлүгү (“Чарбалык субъектилердин кызматтык адамдарынын ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуусу”) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Каржы полициясынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.