24.04.2018 21:47

Катуу бороон Ала-Тоо аянтындагы тууну жулуп кетти

  калаадагы катуу шамал (5 материалов)

Бороон Ала-Тоо аянтындагы тууну  жулуп кетти. Бул тууралуу көрүнүшкө күбө болгон шаар тургундары билдиришүүдө. Алар бул учурду тасмага да тартып калышкан.

Ошондой эле, күчтүү шамал курулуп жаткан үйдүн чатырынын жарымын учуруп кеткени айтылат. Ал жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнө кулап түшүп, жолдогу минивэнге тийген. 

Кошумчалай кетсек, Токмок шаарынын тургундары шаардын көп бөлүгү электр жарыгы жок калганын билдиришүүдө.