08.05.2018 12:54
"Каухар" бизнес-борборунда чыккан өрттөн жабыркагандар жок
"Каухар" бизнес борборунун имаратынан чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Саат 12:27де тилсиз жоонун андан ары жайылышынын алдын алууга мүмкүн болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:33тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм жана авто шаты, саат 11:50дө Свердлов райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм, кийинчерээк кошумча дагы бир бөлүм тартылган.
Учурда өрттүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат: күйгөн жердер шилендиден тазаланып, майда-чүйдө жалындар өчүрүлүүдө.
Күбөлөрдүн айтымында, алгач жарылууга окшогон катуу үн чыккан. Андан соң гана имараттын чатыры күйүп баштап, жалын ыкчам жайылып баштаган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: