04.03.2019 09:33
Кайыгы калып, өзү жок. Көлдө балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жубайлар изделүүдө
Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.
Жалпы 14 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: