29.08.2018 13:55

Кайра эле өлгөн балык! Globus гипермаркетинде керектөөчүлөрдүн укугу бузулууда

Кайра эле өлгөн балык! Globus гипермаркетинде керектөөчүлөрдүн укугу бузулууда

Калаадагы «Globus» соода тармагынын гипермаркеттеринин биринде аквариумда тирүү балыктарга кошуп, өлгөн балыкты сатып жатышат. Бул туурасында «Апрель» телеканалынын кабарчысы Эрулан Кокуловго көрүүчү билдирген.

Кокуловдун айтымында, мындай абал аталган гипермаркетте биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин да шаар тургундарынан арыздануулар түшкөн. Соода түйүндүн жетекчилиги абалды оңдоого сөз бергени менен, бузулган азык-түлүктөрдүн сатылып жатышы - жетекчиликтин эч кандай чара көрбөгөнүнөн кабар берет.

«Өлгөн балыкты тирүү деп сата берүү - керектөөчүлөрдүн укугун бузуу. Мисалы, сиз йогурт алып жатып анын сырткы таңгагы ачылбаган бойдон турганын карайсыз, эч кандай чоочун жазуулар жоктугун карап, анан аласыз. Эгер азык-түлүктүн сапатына доо кеткен болсо, аны эч ким сатып албайт. Балыкты сатып алууда деле ошондой», - деди Эрулан Кокулов.

Тасмада шаар тургуну балыктын сырткы көрүнүшүнө карап,  аквариумда көптөн бери жатып калган деп божомолун айтат. Ал эми дүкөндүн кызматкерлери бул абалга кайдыгер карап, эч чара көрүшкөн эмес.

«Апрель» телеканалынын «Не сахар» долбоору июнь айынан бери чыгып келе жатат. Программа керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн кызмат кылат. Анын алып баруучусу Эрулан Кокулов дүкөн текчелериндеги азык-түлүктөр Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун нормаларына канчалык туура келерин текшерет. 

Берүүнү көрүүчүлөр  дүйшөмбүдө 19:05, шейшембиде 22:35, шаршембиде  20:10, ишембиде  20:55, жекшембиде 10:15те көрө алышат. Соода түйүндөрдөгү тейлөөгө же азык-түлүктүн сапатына нааразы болгондор «Апрель» телеканалына кайрылып, окуянын тасмасын жөнөтсө болот.