23.04.2018 18:38

Кайсы вице-премьер-министр эмнеге жооп берет? Милдеттер бөлүштүрүлдү

Кайсы вице-премьер-министр эмнеге жооп берет? Милдеттер бөлүштүрүлдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери ортосундагы милдеттенмелер бөлүштүрүлдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөмөк  болду. 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялоо жүгү артылды. 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун өзүнө алды. 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго  финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик тийди.