29.05.2018 08:35

"Kaz Minerals Bozymchak" компаниясы 9 миң тоннадан ашык концентратты өлкөдөн чыгарып кеткен

"Kaz Minerals Bozymchak" компаниясы 9 миң тоннадан ашык концентратты өлкөдөн чыгарып кеткен

"КазМинералзБозумчак" ЖЧКсынын жетекчилиги салык төлөөдөн качуу максатында, 2015-жылдан бери курамында алтын бар  9 миң 760 тонна концентратты  өлкөдөн алып чыгып кеткен. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Аталган фактылар Кыргызстандын Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин маалым болгон. 

2017-жылдын декабрь айында Каржы полициясы Кылмыш кодексинин 221-беренесинин («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») негизинде иш козгогон.

2018-жылдын 26-майында "КазМинералзБозумчак" ишканасынын генералдык директору Ильяс Тулекеев Бишкек шаарындагы "Манас" көзөмөл өткөрүү жайынан мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетин жасаган учурда кармалган. Андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Тергөө башкармалыгына алып келинген.

Ошол эле күнү ага Кылмыш кодексинин 221-беренесинин негизинде күнөө тагылган. Ал эми Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасы боюнча аны камакка алуу сунушун канааттандырган эмес.

Учурда аталган компания Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын депозиттик эсебине 55 миллион 694 миң 283 сомду мамлекетке келтирген чыгым катары төккөн.

Аталган компания 2017-жылдын 1-ноябрда текшерүүгө алынып, бир катар эреже бузуулар аныкталгандан кийин кен казууга тыюу салынган. Бирок, 3-ноябрда Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан аныкталган кемчиликтер жоюлуп, салынган айыптар төлөнгөн соң, иши кайрадан жанданган.

"Бозумчак" жез-алтын кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар. Кенди казакстандык "Казакмыс" корпорациясынын ал кездеги "Казакмыс Голд Кыргызстан" (азыркы "КазМинералзБозумчак") компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип келет. Ишкана кенди 2028-жылга чейин иштетүү үчүн лицензия алган.