27.06.2018 09:58

Казак блогерин тергөө изоляторунан алып чыгып кетишти

Казак блогерин тергөө изоляторунан алып чыгып кетишти

Казакстандык  блогер Мурат Тунгишбаевди Тергөө изоляторунан кийим-кечеги менен алып чыгышты. Бул туурасында анын жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Каякка алып барышаары белгисиз.

Эске сала кетсек, 10-июнда Бишкекте атайын кызматтар казак блогери Тунгишбаевди кармашкан. 21-майда Башкы прокуратура аны Казакстанга өткөрүп берүүнү колдогон. Мекенинде Тунгишбаевке  «кылмыштуу топтун ишмердигин каржылоо» жана сот тарабынан экстремисттик деп таанылган  бирикмени «уюштуруу жана анын ишмердигине катышуу» айыбын тагып жатышат. 

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоочу уюм кыргыз бийлигин Тунгишбаевди өлкөсүндө  репрессия күтүп тургандыктан, бербөөгө чакырган. 

Эки күн мурун, 25-июнда  Октябрь райсоту ишти карап чыгып, Тунгишбаевдин өткөрүлүп берилишин мыйзамдуу деп тааныды.  Сот ишти Жазык-процесстик кодекстин 131-132-беренесинин тартибинде карагандыктан, чечимдин үстүнөн даттанууга болот. Бирок, Тунгишбаевди тез арада Казакстанга алып чыгып кетиштери мүмкүн. Мындай жол менен соттун өкүмүнө арызданууга жактоочуга эч кандай мүмкүнчүлүк берилбей калат. 

Жактоочу, сот Жазык-процесстик кодекстин 131-беренесин колдонуп, ката кетирди деген ойдо. Бул берене негизи кылмыш өңдүрүшүндө колдонулат. Өз кайрылуусунда жактоочу Башкы прокуратура менен Коопсуздук Кеңешинен экстрадициялоо ишин токтотууга чара көрүүнү суранат. 

Президенттин аппараты дагы кат түрүндө маалымдалган.