12.10.2018 15:39

Казакстан Кыргызстандан эт азыгын алып кирүүгө убактылуу чектөө койду

Казакстан Кыргызстандан эт азыгын алып кирүүгө убактылуу чектөө койду

Казакстан Кыргызстандан эт азыгын алып кирүүгө убактылуу чектөө койду. Бул тууралуу Казак Республикасынын Айыл-чарба министрлигинин расмий баракчасында айтылат.

«Кыргыз Республикасынын аймагындагы жандыктардын өтө коркунучтуу оорулары боюнча кырдаалдын жакшы эместигине байланыштуу, Казак Айыл-чарба министрлиги 12-октябрдан тартып, Кыргызстандан эт азыктарын өлкөгө киргизүүгө чектөө салат»,- деп айтылат маалыматта.

Мындай жол менен, коңшу өлкөгө эт экспорттоого укугу бар 5 кыргыз ишканасына чектөө киргизилет.

Алар: «Кант нан заводу» ЖАК, «Риха», «Баркад», «Салих ЛТД», «Адал-Азык» Жоопкерчилиги чектелген коомдору.

Ошондой эле, текшерүүнүн жыйынтыгы менен дагы 4 ишкана 2012-жылдан бери эт ташып киргизүүгө уруксат ала электиги белгиленет.

Айта кетсек, буга чейин кыргыз тарап Казакстандан тоок этин алып кирүүгө чектөө киргизген. Ал эми казак тарап бул чектөө мыйзамга туура келбесин айтып, өз нааразычылыгын билдирген.