19.10.2018 12:21

Казакстан Кыргызстандан эт азыктарын киргизүүгө коюлган чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан эт азыктарын киргизүүгө коюлган чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан эт азыктарын киргизүүгө коюлган чектөөнү алды. Бул туурасында КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, казак тарапка Кыргызстандагы эпизоотикалык абал коопсуз экени тууралуу маалымат жөнөтүлүп, анын негизинде Казакстандын Ветеринардык көзөмөл комитети 17-октябрда кыргызстандык «Кант нан заводу» ЖАК, «Риха», «Баркад», «Салих ЛТД», «Адал-Азык» Жоопкерчилиги чектелген коомдоруна карата эт экспорттоого коюлган чектөөнү алып салды.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз тарап Казакстандан тоок этин алып кирүүгө чектөө киргизген. Ал эми казак тарап буга жооп катары 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.