10.10.2018 14:04

Казакстан Кыргызстанга тоок этин киргизүүгө тыюу салынганына нааразы. Кыргыз тараптын жообу

Казакстан Кыргызстанга тоок этин киргизүүгө тыюу салынганына нааразы. Кыргыз тараптын жообу

Казакстан Кыргызстанга тоок этин жана жумурткасын киргизүүгө тыюу салынганын мыйзамсыз деп атады. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 10-октябрда Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында жарыяланды. 

Мекеменин маалыматына караганда,  Алматы облусунда акыркы 10 жылдын ичинде канаттуулардын эч кандай оорусу катталган эмес. Ал эми Ньюкасл ылаңы Айыртау облусунда катталып, карантин жарыяланган. Бирок карантин 2018-жылдын 19-сентябрында аяктаган.

«Буга байланыштуу Кыргыз тараптын Казакстандан импорттолуучу тоок этине чектөө киргизгени мыйзамсыз. Бул тууралуу атайын кат Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына жиберилди», - деп жазылат маалыматта.

Ал эми, КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы казак тарап куш тумоосу катталбаганын далилдеп берсе чектөө алынаарын билдирди.