01.03.2019 12:06

Казакстанда кыргыз аялды алдап кеткен кызматкерге иш козголду 

Казакстанда кыргыз аялды алдап кеткен кызматкерге иш козголду 

Казакстанда Калкты тейлөө борборунун кызматкери кыргыз жаранын алдап кеткен. Бул туурасында Алматы шаарынын полициясына таянып, Tengrinews.kz  жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны апасы экөө Казакстандын аймагында каттоого туруу максатында Алматы шаардык Медеу районунун Калкты тейлөө борборуна кайрылышкан. Борбордун кызматкери алар эмне маселе менен келгенин уккан соң, өзүнүн жардамын сунуштап, бул үчүн 120 миң теңге сураган.

Жарым акчасын дароо алган, калганын ишти бүтүрүп берген соң алмак. Бирок, убадасын аткарган эмес.

«Жыйынтыгында, кыргызстандык аял өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Ал эми, Калкы тейлөө борборунун шылуун кызматкери Кызык Республикасынын Кылмыш кодексинин 190-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды»,- деп айтылат маалыматта.