06.04.2018 15:58

Казакстанда теле алып баруучу лифтке кыпчылып, каза тапты

Казакстанда теле алып баруучу лифтке кыпчылып, каза тапты

Казакстандын Актөбө шаарында 4-апрель күнү дене бойду дүркүрөткөн  каргашалуу окуя орун алды.  Лифт 3 жаштагы кыздын көзүнчө анын апасын экиге бөлүп таштаган. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар  билдиришүүдө.  

4-апрель күнү көп кабаттуу эски үйдүн  28 жаштагы тургуну кечке маал 3 жаштагы кызы менен  эшикке чыгууга камынган. Толук кире электе лифттин эшиктери жабылып кетип, келиндин бутун кыпчып калган да, ылдыйды көздөй түшүп жөнөгөн. Буту жулунуп кеткен айымдын  өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Кичине кыз болсо, шок абалында ооруканага жеткирилген.  

Кийинчерээк, кырсыкка кабылган айым Казакстандын Актөбө шаарындагы телеканалдардын биринде иштеген,  таңкы көңүл ачуучу берүүлөрдүн алып баруучусу Айзат Абдисамат экени аныкталган. Айзат 2015-жылы декреттик өргүүгө кетип, андан бери кызын тарбиялап, үйдө болчу. 

Үй тургундары лифттин эски экенин, маал-маалы менен бузулуп турганын айтышкан. Кырсык болгон  күнү да оң иштебей жаткан.

Учурда адам өлүмүнө алып келген факт боюнчакылмыш иши козголду.