24.05.2018 17:10

Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны Актөбө шаарында оор абалда ооруканада жатат

Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны Актөбө шаарында оор абалда ооруканада жатат

2018-жылдын 18-майында Самара-Шымкент унаа жолунун 566-чакырымында кыргыз жараны башкарган «Mercedes Е320» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган.  Унаанын 49 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, машина жол четиндеги аңга көңтөрүлүп калган. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан  билдиришти. 

Окуя Казакстандын Актөбө облусунун Жарсай-2 айылынын жанында катталган.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, унаа айдоочусу кырсык болгон жерде каза тапкан. Денеси туугандарына өткөрүлүп берилген.

«Mercedes Е320» унаасынын ичинде 5 кишиден турган бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. 1976-жылкы Б.Ж. аттуу жаран медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө жиберилген. 36 жаштагы  И.Г. Актөбө шаарындагы облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда жатат. 

13 жана 4 жаштагы балдар ооруканада, абалдары туруктуу. 6 жаштагы бала медициналык жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген.

Казакстандын тийиштүү органдарынын маалыматына караганда, кыргыз жарандары Москва шаарынан Ош шаарына келе жатышкан.

Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Элчилик жабырлануучу менен байланышта экени айтылат билдирүүдө.