20.03.2018 15:01

Казакстандан мыйзамсыз кирген 50 тонна улпак артка кайтарылды

Казакстандан мыйзамсыз кирген 50 тонна улпак артка кайтарылды

Кыргызстандын финансы полициясы 50 тонна буудай улпагын Казакстанга кайтарды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Талас облусунун «Маймак»  темир жол станциясында Казакстандан келген эки жүк ташуучу унаа кармалган.

«Алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстан аймагына буудай улпагын түшүрүшкөн. Жалпы салмагы 50 тоннаны түзгөн жүк кайра Казакстанга жөнөтүлдү», – деп айтылат маалыматта.