04.09.2018 12:23

Казакстандын көк бөрү боюнча курамасы оюндан чыгарылды. Казак тарап эмне дейт?

Казакстандын көк бөрү боюнча курамасы оюндан чыгарылды. Казак тарап эмне дейт?

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы расмий түрдө оюндан чыгарылды. Бул тууралуу оюн учурунда калыстардын бири  билдирди. 

Маалыматка караганда, бул ирет ДКО оюндарына катышуу үчүн жаштардан турган жаңы курам келген. Алар аттарды Кыргызстандан ижарага алабыз деген ой менен келип, атсыз калганы айтылат. 

Бирок, казакстандык Көк бөрү федерациясынын президенти  Ерлен Оспанов ЖМКларга казак курамасынын оюнга катышпаганынын себебин башкача түшүндүргөн. Анын айтымында, уюштуруучулар Казакстан койгон талапты аткарган эмес.

«Кыргызстан бизге ат берди, бирок биздин кураманын арасында кыргыздар болсун деген шарт койду. Биз буга макул болгон жокпуз. Ошондой эле, эл аралык стандарт боюнча, көк бөрүдө ортого тай-казан коюлуп ойнолот. Биз мындай эреже менен 15 жылдан бери ойноп келгенбиз, бирок, жакында эле тай казан менен ойноодо жаракат алуу коркунучу жогору экенин эске алып, чийилген тегеректин ичине салып ойноо эрежесине өткөнбүз. Баары буга макул болгон, бир гана кыргыздар макул болбой койду. Аттар боюнча айтсак, азыр бизде көп мелдештер болуп жаткандыктан, жылкылар чарчады, алар да эс алыш керек, андыктан, Кыргызстандан ижарага алып туралы дегенбиз», – деп билдирген Оспанов.

Ал эми, Актөбе облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти Фархад Сансызбай тескерисинче, казак курамасынын бул жоругун кескин сынга алды. 

«Спортчулардын оюнга катышаары бир жыл мурун айтылган, ошол убактан бери аттарды даярдап койсо болот эле да. Оюндар эл аралык талаптарга жооп бербейт деп чыгышыптыр. Биздин кураманын чийилген тегерекке ойноп баштаганына аз эле болгон, башка курамалардын баары тай-казанга эле ойноп келишет.  Кыргызстан оюн тай-казан менен өтөөрүн мурда эле эскерткен. Башка мамлекеттер да тай-казан менен ойнойт. Мен биздин Федерациянын мындай шарттарды коюп жатканына нааразымын. Биздикилер уюштуруучуларга бойкот жарыялап, бурулуп алып, кетип калышыптыр. Өзүнчө бир топтун эмес, бүт өлкөнүн намысы тууралуу иш болуп жатканда, мындай кылууга болбойт эле», - деген Фархад Сансызбай.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Казакстандын көк бөрү боюнча курамасы алгачкы беттешке чыккан эмес.