28.09.2018 16:43

Кекиликтерди мыйзамсыз аткан жаран табылып, айып пул төлөдү

Кекиликтерди мыйзамсыз аткан жаран табылып, айып пул төлөдү

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамагенттигинин WnatsApp номерине социалдык тармактарда тайгандын күчүгү сатылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Анын жанында  атылган эки бостектин (кыргоолдун ургаачысы) сүрөтү болгон. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Жарыяда көрсөтүлгөн номер боюнча чалган агенттик кызматкерлери интернетке жарыя тараткан адам менен байланышып, жаратылышты коргоо мыйзамы бузулган фактыны текшерүү үчүн жерине чыгышкан.

Сатуучу Жалал-Абад облусунун Чиртек-Сай айылынын 35 жаштагы тургуну Бахадыр Сраждинов болуп чыкты. Ага жолукканда, атылган куштар арызда айтылгандай бостектер эмес, 2 кекилик экени аныкталды. Бахадыр Сраждинов Чиртек суусунун боюнан эки кекилик атканын моюнуна алды. 

Бул факт боюнча мамлекеттик агенттик кызматкерлери протокол түзүп, Сраждиновдон 2 кекиликти мыйзамсыз атканы үчүн мамлекеттин пайдасына 4 миң сом алынды. 

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы кыргоол менен кекиликке аңчылык кылуу убактысы азырынча келе элек. Эгер кекиликке аңчылык кылуу октябрдын биринчи ишембисинде башталып, кийинки жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде аяктаса, кыргоолго аңчылык кылуу октябрдын биринчи ишембисинен башталып, декабрдын экинчи жекшембисинде аяктайт.