09.08.2018 10:41

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.