12.09.2018 18:00

Кеминде карылар көчөгө куулуп жатат

Кеминде карылар көчөгө куулуп жатат

Кеминдеги "Луч солнца" карылар үйү эски бала бакчанын жарым имаратын ээлегендиктен жабылуу коркунучунда турат. Ага себеп – өткөн жылдын апрель айында чыккан Жогорку Кеңештин токтому. Иш кагазга ылайык, ижарага берилген мурунку билим берүү мекемелери өз багытында колдонулуусу үчүн мамлекетке кайра кайтарылышы керек. Бирок Кемин мэриясы менен түзүлгөн келишим боюнча имарат 15 жылга карылар үйүнө тартууланып, анын мөөнөтү 5 жылдан кийин бүтөт. 37 карыянын тагдыры азыр Чүй облусунун прокуратурасынын колунда. 10 жылдан бери иштеп келген карылар үйү кимге тоскоол болуп жатканын April.kg кабарчысы Айнура Аваданова иликтеп көргөн.