12.10.2018 17:54

Кеминде карышкырлар Кызыл китепке кирген аюуну талап өлтүрүшкөн

Кеминде карышкырлар Кызыл китепке кирген аюуну талап өлтүрүшкөн

Кемин районундагы Боо-Жетпес капчыгайында карышкырлар тобу күрөң аюуга кол салышты. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Кызыл китепке кирген жандыктын сөөгүн бүгүн саат 9:00 чамасында мал айдап бараткан жергиликтүү чабан таап алып, аты аталган агенттикке кабарлаган.

Ветеринардык кызматтын жумушчулары менен бирге жерине барган агенттиктин кызматкерлери акт түзүштү. 

Аюунун эмне себептен өлгөнүн аныктоо үчүн сөөгү ветеринардык кызматка өткөрүлүп берилди. Корутунду чыккандан кийин териси, баш сөөгү жана сөөктөрү Кыргызстандын илимий уюмдарына берилет.