29.08.2018 10:37, Аман Бакиров

Керемет болгон жок. Сапар Исаков камакта калтырылды

Керемет болгон жок. Сапар Исаков камакта калтырылды

Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечиминин күчүндө калтырды. Бул тууралуу  Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев April.kg порталынын кабарчысына билдирди. 

Жактоочунун айтымында, тергөөчүлөр Сапар Исаковду камакта кармап туруунун зарылдыгы боюнча эч кандай жүйөө келтире алышкан жок. Буга карабай, Жогорку Сот биринчи инстанциянын өкүмүн колдоду. 

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 9-август күнү биринчи инстанциянын чечими Бишкек шаардык сотунда каралып, жактоочу тараптан айтылган жүйөөлөр эске алынбастан, чечим күчүндө калтырылган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылган.

Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылууда.