25.09.2018 10:31

Кылычбек Султан кызматтан алынабы? ТИМ Жээнбековго өтүнүч кат жөнөттү

Кылычбек Султан кызматтан алынабы? ТИМ Жээнбековго өтүнүч кат жөнөттү

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн жөнөттү, деп жазды 24.kg агенттиги өлкө башчысынын аппаратына таянып. 

Маалыматта: «Элчи кандай негизде кызматтан алынып жаткандыгы белгисиз», -деп айтылат.

Эскерте кетсек, кечээ Кылычбек Султан маалымат жыйын өткөргөн. Анда Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык корпусундагы айрым былык иштер боюнча маалыматтарды президентке жеткире албай жатканын айтып, алардын баарын журналисттерге ачыктаган. 

Мындан улам, маалымат жыйында журналисттер элчиден мындан аркы тагдырыңыз кандай болот деп сурашкан.  Ал: «Президент же баатыр деген орден берет же куугунтукка кабылам. Менимче, баатыр берет деген жакшы ниетим бар», - деп жооп берген.