25.09.2018 12:57

Кылычбек Султан: Мен болгону президенттин коррупцияга каршы күрөшүү чакырыгына жооп кылдым

Кылычбек Султан: Мен болгону президенттин коррупцияга каршы күрөшүү чакырыгына жооп кылдым

«Мен элчиликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү ачык айтып чыгуу менен болгону президент Сооронбай Жээнбековдун «жемкорлук фактыларын ачык айтып чыккыла» деген чакырыгына жооп  кылдым»,- деп билдирди April.kg порталына Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан.

Буга чейин өлкөнүн ТИМи элчинин кечээ, 24-сентябрда берген маалымат жыйынын сындап: «бул кадамы менен Кылычбек Султан дагы бир ирет КР мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды, дипломатиялык этика нормаларын бузду», -деп жарыялаган эле.

Кылычбек Султандын айтымында, Кореяда жемкорлук фактылары тууралуу айтып чыккан адамдарды эл урматтайт. Жана мындай факт менен кармалган адам керек болсо, аянтта элдин алдында тизелеп туруп, кечирим сураганга чейин барат.

«Мен тараткан маалымат президентке түз жетеби, билбейм. Бирок, акыркы убактарда өлкө башчысына бурмаланган, бузулган маалыматтар жетет окшойт деп күмөн санап калдым. Сооронбай Жээнбеков акыркы жарым жылдан бери «коррупция тууралуу фактыңар болсо, ачык айткыла» деп үндөп келген. Мен бул чакырыкты кабыл алдым. Албетте, мамлекет башчысында мени кызматтан алып коюу укугу бар. Бирок, менин кылганымды эл баалайт деп ойлойм», -деди элчи.

Ал ошондой эле, «Вечерний Бишкек» басылмасы жашыруун булактарга таянып тараткан: «Султановго Түштүк Кореянын Бишкектеги элчилигинен чалып, Сеулдан шашылыш телеграмма келгенин билдиришиптир. Анда Кореянын ТИМи Кылычбек Султандын кайтып келишин каалабай турганы жазылган экен», -деген маалыматты төгүндөдү. 

«Бул сөздү эгер аттуу-баштуу адам тараткан болсо, анда ал Корея тууралуу түшүнүгү жок адам. Ал жакта демократия бааланат. Мени Корея «персона нон грата»  деп жарыялаш үчүн, мен ал өлкөдө олуттуу мыйзам бузушум керек. Бишкектеги Түштүк Корея элчилигинен мага эч ким чалган жок. Учурда Кореяда, иш үстүндө отурам», -деп кошумчалады Кылычбек Султан.