28.09.2018 16:57

Кылычбек Султан президенттен Абдылдаевди, Досалиевди жана өзүн кызматтан убактылуу четтете турууну өтүндү

Кылычбек Султан президенттен Абдылдаевди, Досалиевди жана өзүн кызматтан убактылуу четтете турууну өтүндү

Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, кызматтык иликтөө иштери учурунда өзүн, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өтүндү. Бул кайрылуусун элчи социалдык тармакка жарыялады.

Анда Кылычбек Султан өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу буга чейин министрлик жетекчилигине, УКМКга, президенттин аппарат башчысына бир нече жолу кайрылганын, бирок андан майнап чыкпаганын айтат. Аппарат башчысы ал тургай, президентке жогорудагы аталган маселелер тууралуу жолугууга жол бербегенин билдирет. 

«Мындан улам, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылууга аргасыз болдум. Ал кайрылуумдан кийин 26-сентябрда министр Эрлан Абдылдаев мени кызматтан алуу сунушу менен сизге кайрылганы белгилүү болду. 27-сентябрда сиздин тапшырмаңыз боюнча Коопсуздук кеңеши түзүлгөн жагдайларды иликтөөгө ала баштады.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Менин 24.09.2018-жылдагы кайрылуумда тиешелүү маалыматтарды сизге жеткирүү үчүн Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге бир нече айдан бери кайрылып келгендигимди айткан элем.

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Коопсуздук Кеңеши Президенттик Аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынан сырткары Президенттик Аппараттын жетекчисинин да тапшырмаларын аткарат.

Ушул жагдайларды эске алуу менен Сиз тапшырган иликтөөлөр аяктаганга чейин Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султанды убактылуу кызматтан четтетүүңүздү суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол болот деп эсептейм.

Эгерде жогорудагы жетекчилерди убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапсаңыз, анда мени өз каалоом менен кызматтан бошотууңузду суранам. Анткени, түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейм», -деп жазылат кайрылууда.