11.10.2018 17:33

Кылычбек Султан: Тарых өзү бардыгын жайына коёт

Кылычбек Султан: Тарых өзү бардыгын жайына коёт

Кыргызстандын Кореядагы Элчиси Кылычбек Султан Коопсуздук Кеңеши аныктаган «айыптоолордун» ар бири боюнча прокуратурага жооп бергенге даяр. Бул туурасында April.kg порталына Элчи өзү билдирди. 

Анын айтымында, Коопсуздук Кеңеши бир тараптуу жана үстүртөдөн эле чечим чыгарып койгон.  «Кыргыз Республикасынын бардык коррупционерлерин жеңиши менен куттуктайм! Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди да жеңиштери менен куттуктайм!!! Силер жеңдиңер. Бийлик «сен төөсүң» десе «төө эмесмин» деп актануудан эч кандай пайда чыкпайт. Тарых өзү бардыгын жайына коёт...», -дейт Элчи. 

Эскерте кетсек, Кылычбек Султан 24-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, анда Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык корпусундагы айрым былык иштер боюнча маалыматтарды журналисттерге ачыктаган.

25-сентябрда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев элчинин маалымат жыйын бергенин сындап: «бул кадамы менен Кылычбек Султан дагы бир ирет КР мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды, дипломатиялык этика нормаларын бузду», -деп, президентке Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн жөнөткөн. Ал ошондой эле, Элчинин өзүнүн ишинде да бир катар тартип бузуулар бар экенин кыйыткан. 

Президент өз кезегинде ТИМдин жана Кылычбек Султандын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгууну Коопсуздук Кеңешине тапшырган. 

Элчи ошондо эле иликтөөнүн акыйкат жүрүшүнөн күмөн санап, өзүн, Президенттик аппараттын башчысы Эсеналиевди жана ТИМ башчысы Абдылдаевди  кызматтан убактылуу четтете турууну өтүнгөн. Бирок, анын бул өтүнүчү эске алынган эмес. 

Бүгүн, 11-октябрда Коопсуздук Кеңеши Кылычбек Султанды Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалында бир катар мыйзам бузууларга барган деп айыптап чыкты.