25.04.2018 11:35

Кылым карыткан ардагер. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу быйыл 100 жашка чыгат

Кылым карыткан ардагер.  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу быйыл 100 жашка чыгат

Талас облусунун тургуну Шаабай Шатманов быйыл 100 жашка чыгат. Буга байланыштуу Талас шаарында жана ардагердин кичи мекенинде 29-30-апрель күндөрү мааракеге арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Бул туурасында аксакалдын жакындары билдиришти.

Улуу Ата Мекендик согуштун  эмгек сиңирген ардагери Совет Армиясынын катарына 1939-жылы чакырылган. Бир канча жаракат алып, согуш аяктагыча майдан талаасында болгон.

Новороссийск, Керчь, Брест, Варшава, Прага жана Берлинди бошотууга катышкан.  «Кызыл Жылдыз»,  күжүрмөн  «Кызыл Туу» ,  I даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордендеринин жана башка ондогон медалдардын ээси. 

2015-жылы «1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы» мааракелик медалына ээ болгон. Ошол эле жылы Москва шаарына барып, Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышып келген.   

Шаабай Шатманов согуш башталгыча мектепте мугалим, андан кийин кабарчы болуп иштеген. 1987-жылы «Жоокер жолу» аттуу китеп-мемуары жарыкка чыккан.

Ардагердин 100 жылдык мааракесин 29-апрелде  Талас шаарында, 30-апрель күнү кичи мекени Урмарал айылында өткөрүү максатталууда. Буга байланыштуу айылда спорттук –улак тартыш, футбол уюштурулат.

Кошумчалай кетсек, учурда Талас облусунда бардыгы болуп, 26 ардагер калган. Алардын алтоосунун гана ден соолугу ар кандай иш-чараларга катышууга мүмкүндүк берет.