06.09.2018 11:46

Кырчын жайлоосунда дайрага кулап кеткен жаран куткарылды

Кырчын жайлоосунда дайрага кулап кеткен жаран куткарылды

Кырчын жайлоосунда дайрага кулап кеткен жаран куткарылды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБ маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 5-сентябрь күнү саат 10:00дор чамасында адамдар тобу көпүрө аркылуу этношаарчага өтүп бараткан. Алардын бири 62 жаштагы Бостери айылынын тургуну Бегалы Апсаматов мүдүрүлүп кетип, сууга кулап түшкөн.

Башы менен ташка тийип, саамга эс-учун жогото түшкөн адамга Ак-Суу районунун ИИБ кызматкерлери Азамат Дамиров менен Адилет Коңуратов дароо жардамга келишип, суудан алып чыгышты.

«Өз убагында көрсөтүлгөн жардам адам өмүрүн сактап калды. Суудан чыгарган соң, милициялар жабырлануучуну медицина кызматкерлерине жеткирип коюшту. Ал жакта биринчи жардам алган соң, үйүнө кетти», -деп жазылат маалыматта.