06.09.2018 10:43

Кырчын жайлоосунда милиция бир сутка жоголгон топоздорду издеди

Кырчын жайлоосунда милиция бир сутка жоголгон топоздорду издеди

Кырчын жайлоосунда бир сутка мурун жоголуп кеткен топоздор ээсине кайтарылып берилди. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБ маалымат кызматынан билдиришти. 

Алай районунун Сары-Моңол айылынан келген Ражан Кадыров милицияга 3 топозун Кырчындан жоготуп алганын айтып, арыз менен кайрылган. Жарандын айтымында, жандыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан салбуурун спорттук иш-чарасынын театрлаштырылган ачылышына катышуу үчүн алынып келинген. Ачылыш азем бүткөн соң, ээси аларды боз үйдүн жанына оттогону кое берип, өзү мелдештерди көргөнү кеткен. Бош жүргөн топоздор белгисиз тарапка басып кетишкен. 

Коомдук тартипти козөмөлдөөгө тартылган тартип сакчылары топозду издөөгө убакыт жумшашып, акырында бир суткадан кийин этношаарчадан 25 чакырым алыс жайгашкан Григорьевка айылынын жанынан табышты. Үч топоз аман-эсен ээсине кайтарылып берилди.