Кырчын жайлоосунда төкмө акындардын сынагы башталды
Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Айтыш-2018» эл аралык сынагы башталды.
Анда казак жана кыргыздын алдыңкы акындары айтышып, өнөрлөрүн көрсөтөт. Айтыштын биринчи айлампасында жалпы 16 акын катышып, жыйынтыгында 8 акын финалга жолдомо алган. Алардын ичинен төртөө казак акыны, төртөө кыргыз акыны. Бул жылы да адаттагыдай эле кош байге сайылган. Демек, ар бир байгелүү орунга 1 кыргыз жана 1 казак акыны илинет. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Мындан сырткары "Айтыш" коомдук коомдук фондунун өзүнчө сыйлыктары тапшырылмакчы.
Айтышка Акбар Рыскулов, Күмөндөр Абылов, Кыялбак Урманбетов, Кубат Болотканов, Кайрат Иманалиев, Улан Турдалиев, Жаныбек Эсеналиев калыстык кылат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: