28.09.2018 12:59

Кырчында Түркиянын биринчи айымынын жол тыгынына кабылышы: Күнөөлүүлөр жазаланды

Кырчында Түркиянын биринчи айымынын жол тыгынына кабылышы: Күнөөлүүлөр жазаланды

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда унаа тыгынга кабылгандыгы боюнча ИИМде кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.  Анын жыйынтыгы боюнча ИИБдин кээ бир жетекчилерине жана кызматкерлерине дисциплинардык жаза келтирилди.

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматындагы кээ бир жетекчилер жана Ысык-Көл ОИИБ ИИМдин «Атайын дайындалган унааларды жөнөтүү жана кортеждерди коштоп жүрүү боюнча инструкцияларды аткаруу жөнүндөгү» буйруктарын толугу менен аткарбагандыгы аныкталган.

Ошондой эле, эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүү учурунда коюлган тапшырмалар тиешелүү деңгээлде аткарылбай, анын жыйынтыгында Кырчынга расмий делегациянын кортежи тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүн болгон эмес.

ИИМдин башчысынын буйругу менен кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын жыйынтыгында расмий делегациянын учуп кетүүсүнүн кечигүүсүнө алып келгендиги аныкталып, мындан улам ИИБдин бир нече жетекчилери жана кызматкерлери дисциплинардык жоопко тартылды:

- ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Жол-патрулдук кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К. ээлеген кызматынан бошотулду;
- Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А. ээлеген кызматынан бошотулду;
- ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш жарыяланды;
- Ысык-Көл ОИИБдин башчысына кызматына толук ылайык келбөө боюнча эскертүү берилди.
- ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол-патрулдук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башчысы Н.Т. ээлеген кызматынан бошотулду;
- Түп РИИБдин ЖКККБнын кенже испектору Ш.Д. жана Нарын ОИИБдин ЖКККБнын улук инспектору Э.Б. эскертүү алышты.