06.09.2018 09:00

Кырчындагы боз үйдө илинген ак илбирстин териси кимге таандык экени аныкталды

Кырчындагы боз үйдө илинген ак илбирстин териси кимге таандык экени аныкталды

Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата тигилген боз үйдө илинген ак илбирстин териси Каба уулу Кожомкулга таандык болуп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта, инспекция кызматкерлери Кырчын жайлоосундагы Каба уулу Кожомкул балбандын боз үй- музейиндеги илинип турган илбирстин териси боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшкөнү айтылат.  Анын жыйынтыгында, илбирстин териси Суусамыр өрөөнүндөгү Каба уулу Кожомкул балбандын музейине таандык экени белгилүү болду.

Музейдин кызматкеринин берген маалыматы боюнча, илбирстин териси музейдик экспонат катары саналып, тизмекке киргизилген. Себеби, Каба уулу Кожомкул атындагы музей түзүлгөндө, балбандын колдонуп жүргөн буюмдары жана кийим-кечектери менен биргеликте, аталган илбирстин териси дагы өткөрүлүп берилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, музей кызматкеринен түшүнүк кат алынды. 

Маалымат үчүн: Каба уулу Кожомкул 1888-1955-жылдары жашап өткөн кыргыз балбаны. Ал мыкты мергенчи болгону да айтылат.