05.09.2018 13:30

Кырчындагы боз үйгө ак илбирстин терисин илгендерге чара көрүлөт

Кырчындагы боз үйгө ак илбирстин терисин илгендерге чара көрүлөт

Кырчындагы Чүй облусунун этношаарчасындагы боз үйгө ак илбирсти ким атканы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Учурда ак илбирстин жана боз үйгө илинген башка жапайы жаныбарлардын териси кайдан алынганы такталууда. Күнөөлүүлөр аныкталса, жоопко тартылат. 

Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды атууга жана алардын терилери менен боз үйлөрдү кооздоого тыюу салынган. 

Өлкөдө марал, аркар, аюуну аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ак илбирс үчүн 1,5 миллион. 

Кыргызстанда учурда 324кө жетпеген ак илбирс бар.