18.06.2018 17:41

Кыргыз дөбөтүн жоголуп кетүүдөн сактоо аракети көрүлүүдө

Кыргыз дөбөтүн жоголуп кетүүдөн сактоо аракети  көрүлүүдө

Илгери мал чарбачылыгы менен жан баккан ар бир кыргыз  үйүндө дөбөт кармай турган. Бул иттер абдан чыдамдуулугу, ишенимдүүлүгү  жана эр жүрөктүүлүгү менен белгилүү. Жалгыз өзү карышкырга бет алгандан кайра тартпагандыктан, бөрү басар деген  атты кошо ала жүргөн иттердин бул түрү  азыр кыргыз элинин жашоо стили өзгөргөндүгүнө байланыштуу жоголуп  бараткандардын катарында. Бирок, кийинки убактарда улуттук породаны сүйгөндөр дөбөттөрдү  сактап калуу аракетин көрүп жатышат. Алардын бири “Бугу-Эне” Коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова менен April.kg порталынын кабарчысы  маек курду.

-  Сиздин социалдык тармактагы баракчаңыздан кыргыз дөбөттөрүнүн породасын сактап калууга аракет кылып жатканыңызды окудум эле. Ошол тууралуу маалымат берсеңиз. Иттердин бул түрүнө эмне себептен көңүл буруп калдыңыз?

- Таза кандуу кыргыз дөбөтү жыл сайын жоголуп бара жатат. Ошол себептен тукумун сактап калуу максатында, аталган дөбөттү издей баштагам. Аң улоого кыйын, жыт сезүүсү курч кыргыз тайгандары да ушул иттердей бир жылдары жоголуп кеткен. Эми акырындап көбөйүп баратышат. Биз мындай асыл тукум иттерибизди көңүл буруп карабасак, таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн.

- Анан кайдан таптыңыз?

- Алыскы аймактарга барып сураштырдым. Чыңгыз  аттуу  итти сүйгөн жараныбыз өз чарбагында карайт экен. Ошентип, 2,5 жыл мурун мен андан  дөбөттүн күчүгүн сатып алгам.

- Дөбөттөрдү  каякта багасыз? Чынында, таза кандуу экенин каяктан билсе болот?

- Кинологдор союзунун демилгеси  менен  “Иттер жарманкеси ” өтүп турат. Мына ошол иш-чарага мен да өз иттерим  менен катышкам.  Иттин турган турпаты, өңү-түсү  жана башка өзгөчөлүктөрү коюлган талаптарга жооп бергендиктен, эксперттер таза кандуу кыргыз дөбөтү деп диплом ыйгарышкан.

- Бул иттердин өзгөчөлүгү эмнеде?

- Кыргыз дөбөтү мал кайтарганга шыктуу, кароолчу ит. Чабандын мыкты жардамчысы боло алат. Жайлоодобу же шаардабы биздин климатка ылайыкташкан ит. 

- Кавказ алабай иттерине окшошуп кетет экен?

- Ооба, бир аз окшошуп кетет. Бирок кыргыз дөбөттөрү алабайларга караганда акылдуу, адамга жакын келишет. Ошондой эле карышкыр менен алыша турган бөрүбасар иттер. Учурда үйүмдө  10 чактыдай ит бар.

- Мынча итти кантип багасыз? Келечекте эмне кылайын деген оюңуз бар?

- Иттер жеке өзүмдүкү.  Өзүм багам, өзүм карайм. Күчүктөрүн сатам, түшкөн каражатка иттердин тамагын алам.