12.03.2018 11:08

Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнөдөн кайтты

 Эл артисти  Ашыр Чокубаев  11-мартта узакка созулган оорудан улам 71 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу  Кинематография департаментинен билдиришти.  

Ашыр Чокубаев 1947-жылы 4-декабрда төрөлгөн.  Актерлук  карьерасы  1968-жылы “Парижге жол” кыска метраждуу тасмага тартылуудан башталган.  Баш-аягы  Кыргызстандын жана Казакстандын  28  тасмасында роль жараткан.

Көрүүчүлөргө  “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан Датка” жана “”Көчмөн”  фильмдеринде жараткан образдары менен таанымал.  

Эл артисти менен коштошуу зыйнаты 13-мартта 9.30да Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.