07.08.2018 10:06

Кыргыз эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар  жазып чыгышты. 

85 жаштагы актердун буга чейин катуу ооруп жүргөнү айтылат. Ал кыргыз  элине «Чиркин өмүр» телесериалында «лесепеттин» образын жаратканы менен таанымал. Андан тышкары, бир нече көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарган.

Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган. 1957-жылы Ташкент шаарындагы Николай Островский атындагы театралдык институтту аяктап, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

1958-жылы КТРге режиссер болуп кабыл алынып, кыргыз радиосунун алтын фондусун түптөгөндөрдүн бири. Ал Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер, "Манас" эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошкон белгилүү инсан.

Маркумдун сөөгү эртең, 8-август күнү Бишкек шаарында жерге берилет.