Кыргыз футболчулары Мьянманын курама командасын 7:0 эсебинде утту
10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталды.
Анын жүрүшүндө кыргызстандык футболчулар каршылаштарынын дарбазасына 7 топ киргизишти. Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти.
Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: