27.09.2018 10:29
Кыргыз кийиз чеберинин эмгеги Донна Карандын дизайнерлик коллекциясына кирди
© UrbanZen
Америкалык модельер Донна Каран (Donna Karan) Ready-to-wear жаңы күзгү коллекциясына кыргыз орнаменти түшүрүлгөн чапанды кошту. Бул туурасында Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандык дизайнер Камала Абдыкадырова билдирди.
Анын айтымында, жаңы коллекцияга кирген дизайнерлик чапан - кийиз боюнча кыргыз уузу Фарзана Шаршембиеванын эмгеги.
Бренддин расмий сайтында чапан 2 миң 495 долларга бааланууда.
Донна Каран - америкалык модельер, дизайнер. Дүйнөгө белгилүү Donna Karan жана DKNY соода маркаларын түзгөн (Donna Karan New York).
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: