20.03.2018 10:20

Кыргыз кызынын сөөгү Түркиянын өлүкканасында жатат. Туугандары изделүүдө

Кыргыз кызынын сөөгү Түркиянын өлүкканасында жатат. Туугандары изделүүдө

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат  9.40та  Денизли провинциясынын Памуккале-Аккөй унаа жолунда Кыргыз жаранынын денеси табылды.  Ал 1992-жылы төрөлгөн Жээнбек кызы Ырыскүл. 

Денизли прокуратурасынын маалыматына караганда, кыз денесине алган  жаракаттардан улам, өпкө, боору жабыркап каза тапкан. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Памуккале районунун жандармериясынын башкармалыгынын кызматкери менен телефондук сүйлөшүү жүргөн.

Ал кыргыз кызынын денеси Памуккале Университетинин ооруканасынын өлүкканасында экенин билдирди. Аны менен катар, кыз автоунаа коюп кетип, каза тапканын маалымдады.

Кыздын туугандарын издөө иш-аракеттери жүрүүдө. "Апрель-ТВ" каналы бул окуяга кайдыгер карабоого чакырат. Кыздын туугандарын тааныгандар болсо,  "Апрель-ТВ" каналына же ТИМге чалып, маалымат калтырсаңыздар болот.