20.12.2018 09:50
Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору кызматынан бошотулду
Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма -сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Исанаев Курмангазы Жусупказиевич башкы директор кызматына 2004- жылы 6- октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Премьер- министри тарабынан дайындалган.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 –жылдын 3- майындагы № 236 токтому менен бекитилген жобого ылайык, маданият министри өз номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: