09.10.2018 10:35

Кыргыз мигранттарды Москвадан Бишкекке кооптуу шартта ташып келаткан автобус кармалды

Кыргыз мигранттарды Москвадан Бишкекке кооптуу шартта ташып келаткан автобус кармалды

Челябинск шаарынын четинде Копейск унаа жолунан салонуна диван орнотуп алып, Москвадан Кыргызстанга мигранттарды ташып бараткан автобус токтотулду.  Ичиндеги 19 мигранттын жетиси 6-9 жаштагы балдар болуп чыкты. Бул туурасында  74.ru Челябинск облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик инспекциясына таянып билдирди.

«Чет өлкөлүк номерлүү автобус жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан Челябинск-Троицк унаа жолунун 24-чакырымында токтотулду. Анда адамдарды ташуулар үчүн каралбаган шартта алып кетип баратышкан», - деп билдирген инспектор Роман Брызгалов.

Салондон жүргүнчүлөр отура турган 10 орундук алынып салынып, ордуна дивандар коюлган. Бул факт боюнча айдоочуну административдик жоопкерчиликке тартышты.

Бардык жүргүнчүлөрдү өздүгүн аныктап, Россиянын аймагында жүрүүсү мыйзамдуу экенин текшерүү үчүн полициянын аймактык бөлүмүнө жеткиришти.  

Айдоочунун айтымында, ал Москвадан Бишкекке шериги жок чыгып, 2 суткадан бери тынбай унаа айдап келаткан.  Акча жасап алуу максатында кошумча жүк алып, мындан улам орундуктарды чыгарып, ордуна диван орнотууга туура келген.  

«Биринчи жолу баратам, экинчи кайталанбайт. Жанымдагы мени алмаштыруучу адам сыркоолоп, калып калган. Автобус фирманыкы»,-деген ал инспекторлорго.