24.01.2019 10:53

Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы Dota 2 өткөрүү чуусу Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү

Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы Dota 2  өткөрүү чуусу Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасында компьютердик оюндар боюнча мелдеш өткөрүү чуусу Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Бүгүн, 24-январда парламент жыйынында ар кыл маселелер каралууда.  

Эл өкүлү Бактыбек Турусбеков ага Бишкек хореографиялык окуу жайдын жамаатынын атынан кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

«Өткөндө кыргыз улуттук опера жана балет театрында киберспорт боюнча мелдеш өтүптүр. Өткөрүшсүн, бирок башка жерде: Спорт сарайы бар, кафе-ресторандар бар. Ошол жакта өткөрүшсүн. Опера, балет театрынын сахнасы - ыйык жер. Ал жерде кыргыз элинин таланттуу уул-кыздары –Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкиевдер өнөрүн тартуулашкан. 2 жыл мурун бул жакта банкет өткөрүштү эле. Эми Дота ойношуптур. Ушундай нерселерге чек коюш керек. Тиешелүү министрлик, ушуну эске алсаңар», -деди депутат. 

Эскерте кетсек, 19-январда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча мелдеш өткөн. Буга нааразы болгон театрдын жамааты социалдык тармактарда терс пикирин жазып чыгышкан. Жыйынтыгында, интернет колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы муну кадимки көрүнүш катары кабыл алып, «театр аргасыздан ушундай жол менен өзүнө акча таап жатат» деген ойду  карманса, экинчи тарап «өнөр сахнасында мындай оюн өткөрүү - уят» деген пикирлерин билдиришкен.